Site icon Reporter.kg

Жээнбеков менен Зулпукаровго козголгон кылмыш иштер унутулуп калабы? — депутат

Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровго козголгон кылмыш иштер унутулуп калабы? Бул боюнча бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев президенттин жана Министрлер кабинетинин  Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытовдон сурады.

Анын айтымында, прокуратура органдарында коррупция абдан күчөдү.

“Шайлоочуларым кайрылып жатат. Алар Кылмыш кодекси боюнча бир беренеден экинчи беренеге которуш үчүн прокуратура кызматкерлери 10 миң доллар сурап жатышканын айтышты. Бул маселе сөзсүз каралышы керек. Ал кишинин (Башкы прокурор Курманкул Зулушев — ред) ишмердигин да караш керек”, — деди депутат.

Ошондой эле, эл өкүлү мурунку президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбековго козголгон кылмыш иши боюнча да сөз кылды.

“Асылбек Жээнбеков жана анын чөнтөктөш досу Төрөбай Зулпукаров экөөнө иш козголуп, эки ай түрмөдө отуруп чыгышты. Ушул убакка чейин эч кандай жыйынтык жок. Алар камалабы же өкмөткө келтирген зыянды төгүп береби? Ушул маселени элге айтып коюш керек. Же чоңдор менен куда-сөөк болгондон кийин унутулуп калабы?”, — деди ал.

Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууганы Асылбек Жээнбеков 2011-2016-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасы болгон.

Төрөбай Зулпукаров парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын лидеринин орун басары болчу.

Жээнбеков менен Зулпукаров «Кумтөр иши» боюнча коррупцияга шек саналып камалган. 25-ноябрда Биринчи май райондук соту алардын камактагы мөөнөтүн 30-январга чейин узарткан. УКМКнын маалыматына ылайык, аларга Кумтөр кениндеги коррупциялык иштерге байланыштуу Жазык кодексинин 319-беренесинин (Коррупция) негизинде айып тагылган.

Биринчи май райондук соту 2021-жылдын 9-декабрында Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду камактан бошоткон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version