Жээнбеков: Оор мезгилде да өз капчыгын толтургусу келгендер эл душманы – видео

Жээнбеков: Оор мезгилде да өз капчыгын толтургусу келгендер эл душманы – видео

Президент Сооронбай Жээнбеков саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы — Медицина кызматкеринин күнүнө карата кайрылуу жолдоду.

Өлкө башчысынын кайрылуусу президенттин расмий сайтына жарыяланды.

“Башыбыздан кечирип жаткан кыйын учурдун негизги жүгүн сиздер көтөрүп жатасыздар. Өмүрүңөргө болгон коркунучка карабай, биздин амандыгыбыз үчүн күнү-түнү тыным көрбөй, күрөшүүдөсүңөр. Берген антыңарга бекем туруп, милдетиңерди бийик жоопкерчилик менен аткаруудасыңар. Сиздердин бул каармандыгыңарга таазим кылабыз!”– деп билдирген Жээнбеков.

Жээнбеков ошондой эле илдетти жуктуруп алып каза болгондорго да көңүл айткан.

“Тилекке каршы, бул илдеттен мекендештерибизди да жоготуп алдык. Милдетин аткарып жүрүп, каза болгон медиктерибиз да бар. Бул баарыбыз үчүн, орду толгус жоготуу. Өз жакындарынан айрылып калган мекендештериме терең кайгыруу менен көңүл айтам.Ушул оор күндөрү бардык кыргызстандыктар силердин кайгыңарды тең бөлүшөбүз”, – деген президент.

Ушундай оор мезгилде да өз капчыгын толтургусу келгендерди “эл душманы” деп атай турганын жашырган жок.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>