Site icon Reporter.kg

Жээнбеков парламентке кайрылып, Жапаровдун маселесин кароону сунуш кылды

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жаңы шайланган спикери Канат Исаевге кат аркылуу кайрылып, Садыр Жапаровдун маселесин кароону сунуш кылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка бекетүү боюнча Жогорку Кеңештин чечимдери мыйзам сакталбай калгандыгына байланыштуу Президенттик Аппарат тарабынан парламентке кайтарылып берилгени айтылат.

Мамлекет башчысы бул маселени Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында белгиленген тартипте кароону сунуштайт.

Exit mobile version