Жээнбеков: шайлоодо бардык партияларга бирдей шарттар түзүлсүн

Жээнбеков: шайлоодо бардык партияларга бирдей шарттар түзүлсүн

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-мартта, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алды.

Жолугушууда өлкөнүн парламентинин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдыктардын жүрүшү талкууланды.

Мамлекет башчысы шайлоо мыйзамдарына ылайык, шайлоонун жүрүшүнүн толук ачык-айкындуулугун, шайлоо кампаниясына бардык саясий партиялардын катышуусун жана аларга бирдей шарттарды түзүүнү камсыздоо зарылдыгын белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү кеңештерге шайлоолордун алдында айрым шаарларда жарандарды массалык каттоо боюнча жакында болгон окуяны эске салып БШК ар дайым мындай фактыларга өз убагында жооп берип, ал эми укук коргоо органдары тиешелүү баасын бериши керектигин баса белгиледи.

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө бардык даярдык иш-чаралары өлкө мыйзамдарына ылайык өтүп жатканын билдирди.

Белгилей кетсек, шаардык кеңештерине депутаттарды шайлоо 12-апрелде өтөт. Ага 22 партия катышат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>