Site icon Reporter.kg

Жээнбеков: соңку кырдаал көптөн бери пландалган

Президент Сооронбай Жээнбеков “Би-Би-Си” радиосуна маек куруп, өлкөдөгү соңку саясий абалды бир топ убакыттан бери пландалып келаткан комплекстүү иш-чара деп баалады. Ал ошондой эле митингге чыккандарды кимдир-бирөөлөр каржылаган деп эсептейт:

“Азыркы окуялар көрсөтүлүп тургандай бул узак убакыттан бери пландалып келаткан, чоң иш-чара менен пландалган кандайдыр бир комплекстүү иш-чара экендиги бүгүн көрүнүп турат. Бул шайлоонун жыйынтыгына гана талаш эмес, бул шайлоонун жыйынтыктарын шылтоо кылып, орусча айтканда “ловушка” кылып туруп ошону менен элдин нааразычылыгын жаратуу, андан кийин митингдерди уюштуруу болгон. Митингди уюштурууга албетте, көптөгөн каражат керек. Артында турган координация керек. Албетте, эл нааразы чыгар. Бирок аларды уюштуруу, түнү менен кармап туруу, аларды алып келүү – муну баарыбыз билебиз да, бул эми чоң акча, чоң каражат анан чоң адамдык ресурс, чоң күч болушу керек.”

Маектин алкагында өлкө башчы кырдаалды жөнгө салуу боюнча да пикирин билдирип, 6-октябрда түзүлгөн Координациялык кеңешке колунан келишинче жардам берээрин айткан.

“Бирок азыр бийлик талашып жаткан топтордун амбициясы коркунучтуу болуп турат. Тилекке каршы, түндүк-түштүк маселесин козгоону аракет кылып жаткандар да жок эмес. Шайлоону өткөрөбү, кызмат бөлүшөбү баарын укуктук талаада жасоо керек. Тың чыкма жигиттерибизге Жогорку Кеңешти берип, мен болсо аларга көмөктөшкөнгө даярмын.”

Жээнбеков жагдайдын буга чейин алдын алуу боюнча да кеп козгоп, “тиешелүү органдар иштеши керек болчу, мен мүмкүн саясий күчтөр менен көбүрөөк сүйлөшүүм керек эле», деп жооп берген.

Exit mobile version