Жээнбеков: Тышкы саясаттагы эӊ маанилүү багыт — чет өлкөдөгү жарандардын укуктарын коргоо

Жээнбеков: Тышкы саясаттагы эӊ маанилүү багыт — чет өлкөдөгү жарандардын укуктарын коргоо

Кыргызстандын тышкы саясатындагы эӊ маанилүү багыт — чет жактарда жүргөн жарандарыбыздын укуктарын коргоо.

Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-ноябрда Бишкектеги Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан Тышкы иштер министрлигинин 75 жылдыгына карата уюштурулган иш-чарада айтты.

Өлкө башчысы Кыргызстандын дипломаттарына кайрылып, чет жактарда жүргөн жарандарга ишенимдүү таяныч болууну белгилеп өттү.

“Чет өлкөлөрдө жашап, окуп, иштеп жаткан мекендештерибиз үчүн өлкөнүн дипломатиялык мекемелери аларды колдой турган ишенимдүү таяныч болушу керек. Мекендештерибиз менен экономикалык, маданий, социалдык маселелер боюнча кызматташууну бекемдөө — силердин милдетиңер. Өлкөбүздүн эл аралык аренадагы имиджин бекемдеп, улуттук кызыкчылыктарды ишенимдүү коргоо зарыл”, — деди Жээнбеков.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>