Экс-президент Сооронбай Жээнбеков УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына сурак берип чыкты. Бул тууралуу жакындары билдирди.
Жээнбеков бүгүн, 18-сентябрда «Кумтөр» боюнча ачылган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында суракка чакырылган.
Мурдагы мамлекет башчысы ушуну менен экинчи жолу сурак берип чыкты. Тагыраагы 12-августта ал күбө катары чакырылган болчу.