Жээнбеков: ырдайсыңарбы, ыйлайсыңарбы коомчулукка жарыялабагыла — видео

Жээнбеков: ырдайсыңарбы, ыйлайсыңарбы коомчулукка жарыялабагыла — видео

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин 21-марттагы жыйынында сүйлө жатып, жарандарды жеңил пиярдан алыс болууга чакырды.

[su_quote cite=»деген Сооронбай Жээнбеков.»]Учурда бардык маселе боюнча эксперттер көбөйдү, аларга ачык кайрылам. Жеңил пиярдан оолак болгула. Жардам бересиңерби, ырдайсыңарбы же ыйлайсыңарбы коомчулукка жарыялабай эле жасасаңар болот. Жасаган ишиңерди, соопчулукту ошол жерде жашаган эл билсе, анын батасы тиет. Эң негизгиси, Кудай билсе болду да. Азыр элибиз ар кандай маалыматтан чарчап турган мезгили. Ошондуктан, дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, биринчи орунда тартип болсо гана бул жагдайдан чогуу чыгып кетебиз,  [/su_quote]

Алгач коронавирус Сузак жана Ноокат райондорунун тургундарынан чыгып, бул эки район карантинге алынган. Андан мурун коронавирустун алдын алуу максатында бардык билим берүү мекемелери, 50 адамдан көп адам баткан бардык жайлар жабылып, мечиттерге жума намаз окууга убактылуу чектөө киргизилген.

Жума күнү Аалымдар кеңешинин мурдагы төрагасы Абдышүкүр ажы Нарматовдун жума күнү бош калган мечиттер үчүн ыйлаган видеосу тарап, ал коомчулуктун талкуусуна түшкөн.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандар 14 адамга жетти. 21-март күнү ооруну жукутруп алган 8 учур катталды. 22-марттан баштап өлкөдө бир айга өзгөчө кырдаал жарыяланып, Ош жана Бишкек шаарларда коомдук транспорт токтотулду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>