Site icon Reporter.kg

Жеке адамдар 11 айда Кыргызстанга 2,7 млрд доллар которгон

Былтыр 2022-жылдын он бир айында Кыргызстанга 2 миллиард 737,81 миң доллар которулган. Бул 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,8%га көп. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Анын 95,18%ы же 2 миллиард 605,77 миллион доллары Орусиядан келген.

Кошумчалай кетсек, ноябрь айында Кыргызстанга 239,3 миллион доллар жөнөтүлгөн. Бул көрсөткүч октябрь айына салыштырмалуу 16,59%га аз. Октябрь айында 286,9 миллион доллар которулган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version