Site icon Reporter.kg

Женевада Кыргызстан 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлигин көрсөттү

Кечээ, 28-апрелде  Женевадагы БУУнун Улуттар сарайында Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин көрсөтүү аземи болуп өттү.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чараны КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Аяз Баетов ачты.

Баетов өз сөзүндө Кыргызстан Борбор Азиядагы стабилдүүлүктү бекемдөө үчүн саясий эркти көрсөтүү менен тынчтык жол менен жөнгө салуу жана жакшы коңшулаштык принциптерин ырааттуу түрдө жайылтып келе жатканын айтты. Өлкөнүн тынчтыкты сактоо, анын ичинде аймактык маселелерди чечүү алкагындагы аракеттери Кыргызстандын туруктуу тынчтыкка бүткүл дүйнөлүк жетишүүсүнө салым кошууга даяр экендигин баса белгилеген.

“Аяз Баетов Кыргызстандын эл аралык процесстерге катышуусунун негизги артыкчылыктарына токтолду: өзөктүк куралсызданууну илгерилетүү, алдын алуучу дипломатияны жана ортомчулукту өнүктүрүү, Глобалдык түштүк өлкөлөрүндө туруктуу өнүгүүнү колдоо, ошондой эле климаттын өзгөрүүсү, азык-түлүк коопсуздугу боюнча глобалдык кызматташтыкты бекемдөө жана тоо күн тартибин алдыга жылдыруу”,-деп айтылат маалыматта.

Exit mobile version