Site icon Reporter.kg

«Женгонун» тобунун Баткендеги өкүлү кармалды

Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан Кызыл-Кыя шаарынын «положенеци» катары белгилүү болгон Гүлжигит Малабаевди кармалды.

Мекеменин маалыматында, ал  2019-жылдан бери «Женго» каймана аттуу Кадырбек  Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары каттоодо турган.

Ал Ош шаарындагы №25-мекемеде (ТКЖ 5) кармалыпы, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version