Site icon Reporter.kg

«Жеңиш эстафетасы» Казакстандан Кыргызстанга өткөрүлүп берилди

Кечээ, 29-апрелде Кыргызстандын “Ак-Жол” көзөмөл-өткөрүү пунктунда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган эл аралык аскердик-патриоттук акциясынын символу салтанаттуу кабыл алынды. Бул иш-чарада Казакстандын чек ара кызматынын өкүлдөрү кыргызстандык кесиптештерине Жеңиш эстафетасын тапшырышты. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы маалымдады.

Маалым болгондой, Жеңиш эстафетасы 2025-жылдын 2-февралында Брест (Беларусь) жана Мурманск (Россия) шаарларынан башталган. Ал КМШга мүчө мамлекеттердин тышкы чек аралары аркылуу өтүп, Кыргызстанда 29-апрелден 4-майга чейин Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Ош облустарын камтыйт.

Иш-чарада КР УКМКнын Чек ара кызматынын өкүлү Талант Сабиров жана ардагерлер кеңешинин төрагасы Буржуев Чолпонбек Зарлыкович сөз сүйлөп, Жеңиш эстафетасынын тарыхый маанисин белгилешти. Алар согушта жеңишке жетишкен жоокерлердин эрдигин жана келечек муундарга тарбиялык маанисин айрыкча баса белгилешти.

Эстафета Ысык-Көл, Нарын жана Ош облустарындагы чек ара бөлүмдөрү аркылуу уланат. 4-майда “Бор-Дөбө” өткөрүү пунктунда кыргыз чек арачылары Тажикстандан келген кесиптештерине символду тапшырышат.

Жеңиш эстафетасы 1995-жылдан бери өткөрүлүп келе жатат жана ал КМШ өлкөлөрүндө аскердик бир туугандыкты, коңшулук мамилелерди чыңдоону жана тарыхый достукту бекемдөө максатын көздөйт.

Exit mobile version