Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата өткөрүлүп жаткан иш-чараларга байланыштуу 8-9-май күндөрү Бишкектин бир катар көчөлөрү жабылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, төмөнкү көчөлөр убактылуу жабылат:
— Ибраимов көчөсү Жибек-Жолунан Чүй проспектисине чейин;
— Шопоков көчөсү Жибек Жолу проспектисинен Чүй проспектисине чейин;
— Чүй проспектиси Курманжан Даткадан Турусбековго чейин.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз