Site icon Reporter.kg

Жеңиш Молдокматов үй камагына чыкты

«Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов үй камагына чыкты. Бул тууралуу саясатчынын партиялашы Эрлан Бекчороев билдирди.

Бүгүн, 2-февралда Бишкек шаардык сотунда Жеңиш Молдокматовдун баш коргоо чарасы каралды. Анын жыйынтыгы менен сот үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алды.

Молдокматов 2020-жылдын 4-5-октябрда болгон окуяларга байланыштуу айыпталып камакка алынган.

Exit mobile version