Жарандык активист Жеңиш Молдокматовго 264-берене («массалык баш аламандыкты уюштуруу») менен айып тагылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Кантемир Турдалиев билдирди.
Анын айтымында, башта 245-берене «Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин басып алууга аракет кылган” деп айып тагылса, бүгүн 264-берене («массалык баш аламандыкты уюштуруу») менен айып тагылды.
“Алгачкы берене менен далили жок болгондуктан башка берене менен айыптоодо”, — дейт жактоочусу.
Белгилей кетсек, буга чейин Молдокматов Ички иштер министрлигинде эки жолу сурак берген. Экинчи жолку сурактан кийин ага «Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин басып алууга аракет кылган” деген айып коюлган.