Site icon Reporter.kg

 “Жерүй” алтын кенинде эмне үчүн Кыргызстандын үлүшү жок?

Ири ишкананы түзүү ар убак коомчулуктун көңүл борборунда болот. Соңку учурларда  саясатчылар менен серепчилердин жана түрдүү курултайчылардын талкуулай турган темасы тоо кен тармагы болуп калды.

Серепчилер адатта чет элдик компаниялар иштеткен кендерде Кыргызстандын үлүшү жок экенин айтып сындап келишет. Ал тургай улуттук кызыкчылыкты бетке кармаган түрдүү топтор дагы ушул теманы көтөрүп келишет.

Жакында эле «Nazarnews» басылмасынына “Альянс Алтын” ЖЧКнын өкүлү Данияр Жаныкулов активист  Айбек Мырза менен бирге маек берип жатып, келишим боюнча эмне себептен Кыргызстандын үлүшү жок экенин дагы бир жолу түшүндүрүп өттү.

Активист Айбек Мырза алтын кенде мамлекеттик үлүш милдеттүү түрдө болусу керек экенин айтып, ошол үлүш аркылуу Кыргыз өкмөтү кенди башкарууга катышууну талап кылып келет. Анын негизги жүйөсү прездидент Сооронбай Жээнбековдун Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкөдөгү тоо кен тармагынын абалы тууралуу сүйлөгөн сөзү.

Анда өлкө башчысы болочок ишканалар менен келишим түзүүдө сөзсүз түрдө мамлекеттин үлүшү болушу керек деген. Президент менен активисттин айткан сөзү албетте туура. Мындай талап, болочок кендерге көзөмөл кылууда сөзсүз керек. Эгер бул тууралуу мыйзам кабыл алынса, буга чейин лицензия алып иштеп жаткан  ишканалар мурдагы келишим боюнча ишин уланта берет. Анткени жаңы мыйзамдын өткөн чак үчүн эч кандай күчү жок.

Данияр Жаныкулов белгилегендей, 2015-жылга чейин өкмөт “Жерүйдү” сатуу боюнча конкурс уюштуруп, баштапкы баа катары 300 млн доллар койгон. Бирок эч кандай өтүнүч келип түшпөгөндүктөн баштапкы бааны 100 млн долларга түшүргөн.

Мындан сырткары жаңы лицензияны колуна алган жаңы инвестор кендин мурунку кожоюндары менен сот иштерин чечүү милдети  бар болчу. 2015-жылы кенди иштетүү лицензиясын жеңип алган “Альянс Алтын” ЖЧКсы «Жерүйдүн» мурунку кожоюндары менен төрт ай сүйлөшүү жүргүзүп, алардын кыргыз өкмөтүн  эл аралык сотко берген доосунан куткарган.

Эң башкысы лицензия берүү шарттарын өкмөт эч кимдин катышуусуз эле чечкен. Кайсы бир тараптар өз талаптарын койгон деген туура эмес.

 “Мурунку президенттердин тушунда лицензияны болгону 300 сомго сатууга аракет жасалды. Биз таластыктар каршы болуп, бааны тийиштүү деңгээлге көтөрүүнү сурандык. “Алтын Альянс” беш жылдан бери курулуш иштерин жүргүзүп келди, а сиз эми гана мамлекеттик үлүш тууралуу айтып жатасыз”, — деди “Альянс Алтындын” өкүлү.

Жаныкулов туура белгилеген, көпчүлүк эксперттер керек болсо тиешелүү мекемелерде, “Кыргызалтында” жетекчи болуп жүргөндө тоо кен тармагындагы маселерди таптакыр айткан эмес. Качан гана мамлекет экономикалык жактан оор күндөрдү баштан кечирип жатканда, ири жумуш орундары түзүлүп баштаса кайсы бир көйгөйлөрдү көтөргөндөй болуп, аны өз кызыкчылыктарына пайдаланып чыга келишет.

Белгилей кетүү керек, Кыргыз өкмөтү инвесторлор үчүн ар кандай катаал шарттарды коюуп, “Жерүйдү” иштетүүгө акча салайын деген компанияларды сүйлөшүү учурунда оолактаткан учурлар болду.

Ооба, баа 100 млн доллар деп белгиленди. Мамлекеттик үлүштүн болбогону өкмөттүн койгон шарттары жана дилилдери менен аныкталды. Өкмөт ошондой эле кен иштетүүчүлөргө бир катар талаптарды койгон. Алсак, кен иштеткен компаниянын тоо кен тармагында беш жылдан кем эмес тажрыйбасынын болушу, ошону менен бирге, завод курууну кечеңдеткен ар бир ай үчүн 200 миң долллар айып пул салынган.

Акциондун жеңүүчүсү болгон “Восток-геолдобыча” компаниясы мамлекетке 100 млн доллар төлөп берип, “Visor” компаниясы менен 580 млн долларлык сот ишин чечкен.

«Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу тоо-кен тармагында  ачык жана адилетүү конкурс өткөрулдү”, — деп Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин ошол кездеги директору Дүйшөнбек Зилалиев да айткан.

Жерүй алтын кени Кыргызстанда тоо-кен тармагында адал жана ачык жумуш иштей аларын көрсөттү. Буга чивновниктер менен экономисттер дагы макул болушту. Алар келишимге ылайык, 100 млн доллар казынага түшкөнүн дагы баса белгилешкен.

Мындай ири долбоор экономикалык туруктуулукту арттыруу үчүн иштеши керек. Маек учурунда Данияр Жаныкулов инвесторлор менен өндүрүшчүлөрдү колдоого чакырды.

Анткени жамлекеттик бюджетке жыл сайын 2 млрд сом, ал эми облуска 4 млн долар салык түшүп турат.

Exit mobile version