“Жерүй” алтын кенинде санитардык коопсуздук эрежелери текшерилди

“Жерүй” алтын кенинде санитардык коопсуздук эрежелери текшерилди

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн билдиришинче дубанда коронавирус илдетинин жайылышын алдын алуу үчүн баардык ишканаларга санитардык коопсуздук эрежелери боюнча текшерүү жүрүүдө. 

Анын алкагында “Жерүй” алтын кенин иштеткен “Альянс Алтын” ишканасында да текшерүү иштери жүргүзүлгөн.

Анда төмөнкү талаптар канчалык сакталып жаткандыгы көзөмөлдөнгөн. 

“Текшерүү учурунда кендин аймагына кире бериште “карантин” белгиси орнотулуп ар бир жаран атайын фильтрден өткөрүлүп жарандардын дене табы, кан басымы, сатурациясы ченелип атайын журналга түшүрүлүп турганы аныкталган.

12 орундуу изоляция бөлмөсү даярдалып ар бирине кварц лампалар, антисептиктер менен камсыздалып керебеттер социалдык аралыкта жайгаштырылган.

Медициалык кызматкерлер үчүн өзүнчө кабинет ачылып баардык тийиштүү шарттар түзүлгөн. Жумушчулардын жалпы саламаттыгы күн сайын текшерилип атайын журналга түшүрүлгөн.

Ооруунун клиникалык белгилери байкалгандар изоляторго жаткырылып абалына жараша ооруканага жаткыруу графиги түзүлгөн.

Дезинфекция иштери 3 даана гидропульт менен күн сайын жүргүзүлгөн. Кызматкерлерге, колду туура жууп өздүк гигиенаны сактоо түшүндүрүлүп ар бир иш орундарына, кире бериштерге санитайзерлер орнотулуп бир жолку жана коп жолку колдонулуучу бет каптар менен камсыз болгон. Ашкана жана жумушчулар көп чогулган бөлмөлөргө, аба тазалоочу жана кварц аппараттар орнотулуп социалдык аралыктар сакталып ашканга кирүүнүн графиги түзүлгөн.

Вахта алмашкан мезгилде жумушчулардан ПЦР анализ алынып анализдердин жыйынтыгынын негизинде гана жумушка уруксат берүү жагы каралганы белгилүү болду”, — деп айтылат өкүлчүлүктүн маалыматында. 

 

 

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>