Site icon Reporter.kg

Жер мафиясы: Сокулукта алдамчылыкка шектүү кармалды

Сокулук районунда жер тилкеге ​​байланыштуу алдамчылык фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

«Жабырлануучу милицияга кайрылып, Д.К. аттуу жаранга карата чара көрүүнү суранган. 2021-жылдын июль айында бир адам андан Новопавловск айыл өкмөтүнөн 12 миң долларга жер тилкесин сатып алган. Бирок бир аз убакыт өткөндөн кийин ал жер турак-жай курууга арналбаганы белгилүү болгон.  Саткан адам акчаны кайтарып берүүдөн баш тарткан. Алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголду», — деп айтылат маалыматта.

Бир күн мурун тергөөчүлөр 57 жаштагы шектүүнү таап, кармашкан. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version