Site icon Reporter.kg

Жерди трансформациялабай кубаттоочу станцияларды куруу сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев кубаттоочу станцияларды орнотуу, электр кубатын кубаттоочу комплекстерди уюштуруу үчүн жерди башка максатта пайдаланууга уруксат берүүнү сунуштоодо.

Мыйзамга өзгөртүү киргизүү электр кубаттоо комплекстерин курууда жер тилкесинин бир категориядан экинчи категорияга арналышын милдеттүү түрдө кайра карап чыгуунун жоктугун түшүндүрөрү такталган.

Кошумчалай кетсек, бул түзөтүүлөр субъекттерге керектүү электр энергиясына туташтыруу мүмкүнчүлүгү бар автомагистральдардын боюна ылайыктуу жерлерге кубаттоочу станцияларды орнотууга мүмкүндүк берет.

Автордун айтымында, бул мыйзамдын кабыл алынышы электр транспорт инфраструктурасын жана бүтүндөй тармакты өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет. Бул келечекте экологиялык кырдаалга оң таасирин тийгизет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version