Site icon Reporter.kg

Жергиликтүү кеңешке шайлоонун датасы эпидемиологиялык абал жакшырмайынча жарыяланбайт

Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү эпидемиологиялык абал турукташмайынча так күнү жарыяланбайт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазышты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтуусунда, учурда эпидемиологиялык абал оор болуп турат, шайлоо кампаниялары азырынча ишин жандандырбайт.

«Парламенттик шайлоо Конституцияда белгиленген мөөнөттө өтүшү мүмкүн, бирок бардык санитардык нормалар жана талаптарды сактоо менен», — деп белгиледи Абдыжапар Бекматов.

Белгилей кетсек, жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо Ош, Каракол, Балыкчы, Майлуу-Суу, Токмок жана 25 айылдык кеңештеринде өтөт. 22 саясий партия шайлоо өнөктүгүнө катышуу үчүн арыз берген.

Exit mobile version