Жергиликтүү эл Солтон-Сары кени боюнча президентке кайрылды

Жергиликтүү эл Солтон-Сары кени боюнча президентке кайрылды

Солтон-Сары алтын кенин иштетип жаткан кытайлык компаниянын ишине нааразы болгон Нарын районунун Эмгекчил, Миң-Булак, Он-Арча айылынын 100дөн ашуун тургуну президентке кайрылуу жолдошту. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

Кайрылууда алар “кытайлык компания ишин токтотсун” деген талап коюшкан. Алардын айтымында, кенчилер экологиялык талаптарды сактабай, жардыруучу заттарды ачык пайдаланышууда. Мындан улам таза суу булганып, мал жандык кырылууда.

Социалдык тармактарда Солтон-Сары жайлоосундагы мал жандыктардын өлүп жаткан видеосу таркап жатат.

Экотехинспекциянын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын орун басары, аталган жайды Экономика министрлигинин уруксатысыз текшере албашын жергиликтүү маалымат каражаттарына билдирген.

Маалыматтарга караганда, Солтон-Сары жайлоосунда кытайлык “Жойжинг майнинг” компаниясы чалгындоо иштерин жүррүзүп жатат. Учурда 37 экскватор, 100дөй хово иштеп жатканы атылат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>