Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо мөөнөтүн жылдыруу сунушталууда

Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо мөөнөтүн жылдыруу сунушталууда

Коронавируска байланыштуу чектөөлөр киргизилип жатат. Андан коргонуу максатында өлкөдө жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында 12-апрелге белгиленген шайлоо өнөктүгүн да жылдыруу зарыл. Бул тууралуу  Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаева билдиргенин «Азаттык» жазды.

Ал сунуш Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабековага, анын орун басарларына жана комиссиянын айрым мүчөлөрүнө да оозеки айтылганын белгиледи.

«Бул менин жеке оюм. Учурда көрүп жатасыңар, өкмөт массалык иш-чараларды чектеп жатат. Шайлоого даярданып жаткан саясий партиялардын үгүт иштери да массалык иш-чарага кирет. Чектөөдөн улам алар эл аз бата турган имараттарда жолугушуу өткөрүп, үгүт жүргүзө беришет. Бирок муну менен элдин ден соолугуна коркунуч жаралышы мүмкүн. Ошондуктан, үгүт иштерин да, шайлоону да жылдыруу зарыл деп эсептейм», — деди ал.

Бул сунуш азырынча Боршайкомдун отурумуна коюла элек.

Белгилей кетсек, шаардык кеңештерине депутаттарды шайлоо 12-апрелде өтөт. Ага 22 партия катышат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>