Жергиликтүү соттордун бир катар судьяларынын ыйгарым укуктары токтотулду

Жергиликтүү соттордун бир катар судьяларынын ыйгарым укуктары токтотулду

Жергиликтүү соттордун бир катар судьяларынын ыйгарым укуктары токтотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, президент Сооронбай Жээнбековдун атына Судьялар кеңеши тарабынан жергиликтүү соттордун бир катар судьяларын кызматтарынан жеке каалоосу боюнча бошотуу тууралуу сунуштар келип түшкөн.

Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык, Мамлекет башчысы тарабынан төмөнкү судьялардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча жарлыктарга кол коюлган:

— Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясы Берюева Анаркүл Декановнанын;

— Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Субанкулов Адылбек Анарбековичтин.

Бул жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>