Site icon Reporter.kg

Жергиликтүү соттордун бир катар судьялары дайындалды (тизме)

Президент Садыр Жапаровдун дарегине Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги боюнча кеңеши Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык кызматына беш талапкерди дайындоо боюнча сунуштарды киргизди. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ал эми бир талапкер боюнча анын талапкерлигин кайтарып алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги боюнча кеңешине берген арызына байланыштуу, аны жергиликтүү соттун судьясынын бош кызмат ордуна дайындоо сунушу четке кагылды.

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен Мамлекет башчысы судьялык кызматка дайындоо үчүн бардык төрт талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду.

Президент Садыр Жапаров төрт талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктарды чыгарды, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди:

Бул жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Exit mobile version