Site icon Reporter.kg

Жергиликтүү соттордун бир катар судьялары дайындалды

Жергиликтүү соттордун бир катар судьялары дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши тарабынан президент Садыр Жапаровдун атына Нарын, Ысык-Көл, Талас облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун бош судьялык кызмат орундарына 7 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн.

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен мамлекет башчысы судьялык кызматка дайындоо үчүн бардык жети талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду.

Жапаров жети талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктарга кол коюп,  алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди:

Ат-Башы райондук соту: Шерипов Улан Турганбекович;

Тоң райондук соту: Талантбекова Аида Талантбековна;

Балыкчы шаардык соту: Ысаков Элдияр Пазылович;

Кара-Буура райондук соту: Асанова Элмира Орозобековна; Асилова Индира Ашимжановна;

Ленин райондук соту: Алиев Авчи Мустафаевич; Осмонов Баимбек Абдилакович.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version