Site icon Reporter.kg

Жети айда «Google’га салыктан» бюджетке 496,5 млн сом түштү

Быйыл 7 айда чет элдик компаниялар «Google’га салык» катары Кыргызстандын бюджетине 495 млн 584,4 миң сом төлөдү. Бул тууралуу «Акчабар» каржы порталы жазды.

2023-жылдын 7 айына караганда «Google’га салыктан» түшкөн акча 2,4 эсеге көбөйгөн. Былтыр январь-июль айларында 205,3 млн сом чогулган.

«Google’га салык» Кыргызстанда электрондук кызматтарды көрсөтүп, акча таап, бирок Кыргызстанда салык төлөөчү катары катталбаган чет элдик компаниялар тарабынан төлөнөт.

Exit mobile version