Site icon Reporter.kg

Жети миллионунчу болуп төрөлгөн Жакшылыктын атасы менен маек

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 19-октябрда Кыргызстандын жети миллионунчу жараны төрөлдү. Бул бардык кыргызстандыктар үчүн кубанычтуу кабар болду. Наристеге атты президент Садыр Жапаров Жакшылык деп койду. Жакшылык салмагы 3,9 кг, бою 54 см болуп төрөлдү.

Жакшылыктын ата-энеси Валижан Абдурасулов менен Айжаркын Сыраждинова Баткендин Кызыл-Кыя шаарында турушат. Reporter.kg жети миллионунчу болуп төрөлгөн Жакшылыктын атасы Валижан Абдурасулов менен чакан маек курду.

— Валижан мырза, бешик бооңуз бек болсун! Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз. Жакшылык сиздин канчанчы балаңыз? 

— Жакшылык төртүнчү балабыз. Эки уул, эки кыздын ата-энеси болдук. Өкмөттүк иште иштебейм. Орусияда мигрант болуп жүрдүм, учурда курулушта иштейм. Жубайым декретке чыкканга чейин ооруканада санитар болуп иштечү.

— Жубайыңызды төрөтканага алып барган күн тууралуу айтып берсеңиз?

— 18-октябрда күндүз аялым «ичим ооруп жатат» дегенинен төрөй турган убакыт болгон окшойт деп төрөтканага алып бардым. Ал жактан дарыгер көрүп «толгоосу баштала элек экен, үйүңүзгө бара бериңиз» деди. Андан кийин үйгө алып келдим. Кечке маал жубайым «ичип катуу ооруп жатат» деп, төрөтканага кайра алып бардым. Дарыгерлер көргөндөн кийин «толгоо башталайын деп калыптыр» деп алып кирип кетишти. 18-октябрда түнгө жакын алып баргам, 19-октябрда саат 02:30дарда уулду болдуңуз деп сүйүнчүлөштү. Мен сыртта күтүп турган элем.

— Уулуңуз Кыргызстандын жети миллионунчу жараны болуп төрөлөт деп ойлодуңуз беле? Бул кабарды сизге ким сүйүнчүлөдү? 

— Мага уулум төрөлгөнү тууралуу сүйүнчүлөшкөндөн кийин, дарыгер менен медайым «2 саттан кийин тамак алып келиңиз» дешти. Дарыгерден уулум, апасы жакшыбы деп сурасам, «жакшы, апасы да жакшы» деп жооп беришти. Түндө саат үчкө жакын үйгө келдим. Эртең менен туруп тамак даярдайын деп жатсам, кайнежем тамак жасап келген экен. Үйдө отурганда аялым чалып, «балабыз жети миллионунчу болуптур, азыр эле кабарлашты» деп айтты. Ошондо уулубуз жети миллионунчу болгонун уктум.

— Бул кабарды укканда кандай сезимдер болду?

— Кубанычтуу сезимдер болду. Биздин уулубуз жети миллионунчу болуптур деп ичимден кубандым, жаратканга шүгүр кылдым. Биринчиден балабыздын, апасынын ден соолугу болсун деп тиледим. Кыргызстандын калкынын саны жети миллионго жеткенине кубандык.

— Аялыңыз менен уулуңузду төрөтканадан качан чыгарабыз деп жатышат?

— Дарыгер «апасы жөтөлүп калыптыр, бала да өзүнө келсин» дейт. Бүгүн чыгарат деп ойлогом. Дарыгер «дүйшөмбү күнгө чейин жакшылап карап, чыгарабыз» деди.

— Уулунуз жети миллионунчу болуп төрөлгөнүнө байланыштуу ага 1 млн сом берилери кабарланды. Ошондой эле Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы жер тилкесин берүүнү пландап жатканы айтылууда. Акчаны кайсы максатта жумшайлы деп жатасыздар?

— Жети миллионунчу балага 1 млн сом берилет деп уктум. Акча тийсе, Жакшылыкка, эл-журтка, тууган-урукка, жакшы күндөргө иштетебиз деген ой бар. «Жакшылыкка жер тилкеси берилет окшойт» деп жубайым айтты. Берип калса жакшы болот. Биз ата-энемдин үйүндө бирге жашайбыз.

— Балаңыздын атын президент Садыр Жапаров койду. Буга чейин балаңызга кандай ат коелу деп ойлонуп жаттыңыздар эле? Президентке ат коюуну ким сунуштады?

— Балабыз төрөлгөндө атын ким коебуз деп сүйлөшкөндө, төрөлгөндөн кийин тандайбыз дегем. Президентке ат коюп берүүнү аялым сунуштады, менин кабарым жок болчу.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version