Site icon Reporter.kg

Жети-Өгүздө окуучулар — дүкөндө, Тоңдо — 1932-жылы курулган мектепте окушат

Жаңыдан курула турган мектептердин катарына Жети-Өгүз жана Тоң районунан бир дагы окуу жай кирген жок. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Арсланбек Малиев билдирди.

Анын айтымында, эки райондо ававриялык абалда турган мектептер арбын.

«Жети-Өгүздө бир мектеп дүкөндө жайгашкан. Ал эми Тоңдо балдар 1932-жылы курулган имаратта окушат. Эмнеге «Кумтөр» жайгашкан райондо бир дагы жаңы мектеп курулбайт? Өлкө боюнча 40 окуу жай кириптир», — деди эл өкүлү.

Депутат Садыр Жапаров менен Акылбек Жапаровго кайрылып, тизмени кайра карап чыгууну сунуштады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version