Site icon Reporter.kg

Прокуратура кызматкерлери үчүн Жети-Өгүздө 19,1 млн сомго үй салынат

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунун прокуратура кызматкерлери үчүн эки кабат үй салууга тендер жарыяланды. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.

Эки кабаттуу үйдү Кызыл-Суу айылында 19 млн 118 миң 120 сомго куруу каралган.

Сынак Ысык-Көл өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекция тарабынан жарыяланган.

Арыздар 27-сентябрга чейин кабыл алынат.

Эскерте кетсек, буга чейин июнь айында Жети-Өгүз районунун прокуратура кызматкерлери үчүн Кызыл-Суу айылында эки кабаттуу үй салуу үчүн тендер жарыяланган. Анда турак үйдү 15,7 млн сомго куруу пландалган. Бирок аталган тендер болбой калган.

Жети-Өгүздө прокуратура кызматкерлери үчүн үй салынат

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version