Жети-Өгүздө прокуратура кызматкерлери үчүн үй салынат

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунун прокуратура кызматкерлери үчүн эки кабат үй салууга тендер жарыяланды. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат. Маалыматка караганда, эки кабаттуу үйдү Кызыл-Суу айылында 15 млн 706 миң 58 сомго куруу каралган. Тендер Ысык-Көл өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекция тарабынан жарыяланган. Арыздар 12-июлга чейин каблы алынат. Биздин Телеграм каналга катталыңыз