Site icon Reporter.kg

Жети-Өгүздө дайынсыз болуп жаткан жаран табылды

Жети-Өгүз районунда дайынсыз болгон жаран табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ак-Шыйрак айыл аймагына тиешелүү Эмеген, Кайнар, Үзөңгү-Кууш кыштоосуна Кызыл-Суу айылынын 1972-жылы туулган тургуну  Ж.К. 3-июнда мал караганы кеткенден бери кабар жок болуп жаткандыгы маалымдалган.

Мындан улам Жети-Өгуз райондук ӨКБден  2 куткаруучу,  Ак-Шыйрак жана Кара-Сай  айыл аймагынын башчылары  издөөгө чыгышкан. Издөө маалында аталган жарандын унаасы Семен ашуусунда чыга албай калгандыгын жана ал ошол себептен байланышка чыкпай калганын аныкташкан. Куткаруучулар унаасын ашуудан чыгарышып чогуу келишкен.

Exit mobile version