Site icon Reporter.kg

Жети жыл жашынып жүргөн. Ысык-Көлдө издөөдөгү эки жаран кармалды

Ысык-Көлдүн милиционерлери сот адилеттигинен дээрлик 7 жылдан бери жашырынып жүргөн жаранды кармашты. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Жакында «Издөө» операциясынын алкагында Каракол шаарынын ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери ИИМдин Маалымат технологиялар башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин жардамы менен Ак-Суу районунун Совет айылынын 45 жаштагы тургуну А.С.ны Бишкек шаарынан кармашты.

Кармалган жаран, 2016-жылы Каракол шаардык соту тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин эски редакциясынын 246-беренесинин 3-бөлүгү (Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же болбосо психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү, эгерде алардын предмети ири өлчөмдөрдөгү баңги каражаттары болсо) менен каралган кылмыш үчүн издөөгө жарыяланган болчу.

Изделип жаткан жаран Бишкектеги турак жайлардын биринде кармалган. Ал дээрлик 7 жыл бою сот акыйкаттыгынан жашырынып келген. Кармалган жаран Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

«Издөө» операциясынын алкагында милиция кызматкерлери Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын 39 жаштагы Ш.А. аттуу тургунун да кармашты. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен каралган кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн.

Ал кылмышты Каракол шаарында жасаган. Кармалган жаран 2022-жылдын апрель айында шаардык сот тарабынан издөөгө жарыяланган болчу.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version