Жетимиш жаштагы Акпаралы Акматалиев изделүүдө

Жетимиш жаштагы Акпаралы Акматалиев изделүүдө

Беш күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 70 жаштагы Акпаралы Акматалиев изделүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты. 

Акпаралы Акматалиев 30-октябрда Чүй жана Интергельпо көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.  Аны издешүүгө көмөк сурап милицияга уулу кайрылган. 

Акпаралы Акматалиевдин бою 170-174 см, тыгыз дене түзүлүштөгү, чаап жаак, чачтары кыска алынган.

Өзгөчө белгилери: Бир аз аксап басат, кара туткасы бар боз-күрөң түскө боёлгон металл таяк менен жүрөт. Көзү начар көрөт, эс тутуму да бир аз начар. Ошол күнү кара түстөгү кышкы баш кийим, кара плащ, кара шым, кара кышкы бут кийим кийип жүргөн.

Буга байланыштуу шаар милициясы аталган адамды көргөн билгендер болсо төмөндөгү номерлерге кабарлап коюсун өтүнөт:

0 (312) 352-605,

0 (0312) 352-947,

0 (555) 102-880,

0 (703) 401-600

[su_image_carousel source=»media: 47215,47216″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>