Жетишип калыңыз! ЖОЖдорго абитуриенттерди кабыл алуунун үчүнчү туру башталды

Жетишип калыңыз! ЖОЖдорго абитуриенттерди кабыл алуунун үчүнчү туру башталды

Жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуунун үчүнчү туру башталды. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиргендей, 22-иююлда башталган акыркы тур 24-июлда аяктайт.

25-июль күнү  окуу жайга кабыл алынгандардын тизмеси илинет.

Жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуунун биринчи туру 8-10-июлда, Экинчи туру 15-17-июлда өткөн.

Быйыл Билим берүү жана илим министрлиги абитуриенттер үчүн жаңы сайтты ишке киргиген. Ал жерден каалочулар окуу жайлар тууралуу маалыматарды ала алышат.

Жогорку окуу жайларына абитуриенттер жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча кабыл алынат. Эң төмөнкү балл 110 болсо, предметтер боюнча 60 балл көрсөтүлгөн.

Өлкө боюнча быйыл 11-классты 65 миң, ал эми 9-классты 96 миң окуучу аяктады.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>