Site icon Reporter.kg

Жибек Молдоева ок атуу спорт федерациясынын президенти болду

Кыргызстандын ок атуу спорт федерациясынын жаңы президенти болуп Жибек Молдоева шайланды.

Отчеттук-шайлоо конференциясы 2-июлда Бишкекте өттү.

2019-жылдан бери бул федерациянын башкы катчысы болуп Жибек Молдоева иштеп келген.

Конференциянын жыйынтыгында Кыргызстандын ок атуу спорту боюнча федерациясы да төмөнкү курамда түзүлдү:

Президент – Жибек Молдоева

Биринчи вице-президент — Айзада Абдыкеримова

Ок атуу боюнча вице-президент — Тахир Исмаилов

практикалык атуу боюнча вице-президент — Тарасов А.

капкан атуу боюнча вице-президент — Абдыкаев З.

Укук коргоо органдары менен кызматташуу боюнча вице-президент – Каунаш Т.

Exit mobile version