Site icon Reporter.kg

Жашоочулардын үнү. Жибек Жолундагы кооптуу абалды ким көзөмөлдөйт?

Редакциябызга окурманыбыз кайрылды.

Анын айтымында, Жибек Жолу көчөсүнөн БЧКга карай – кейиштүү абал. Бир дагы тротуар жок, жолдор унааларга толуп турат. Натыйжада жөө жүргүнчүлөр, өзгөчө балдар жана карылар өмүрүнө коркунуч туудурган жолдун четинде басууга аргасыз болушат. 

Бул жөн эле ыңгайсыздык эмес – бул биздин жарандардын өмүрүнө коркунуч жаратат! 

«Бул маселени чечүүгө бийлик качан чара көрөт? Эмне үчүн элдин коопсуздугу экинчи планда турат»,-деди шаар тургуну.

Exit mobile version