Жигит биринчи жолугушуудан кийин кызды жана анын атасын кошо өлтүрүп кеткен

Жигит биринчи жолугушуудан кийин кызды жана анын атасын кошо өлтүрүп кеткен

Американын Жаңы Орлеан шаарынын Луизиана штатынын 36 жаштагы тургуну Джамас Харрис 35 жаштагы Джессика Труйени биринчи жолугушуусунан кийин өлтүргөн. Бул тууралуу New York Post жазды.

Алар таанышуу сайттынан таанышып, 3-октябрда жолугууну макулдашкан. Труйе Харристи унаасы менен тосуп алып, үйүнө алып келген. Жолугушуу учурунда аял ага ал өзүнүн сүрөтүндөгү адамга окшош эмес экендигин айтып, жактырбай “ашкабак баш” деп атаган.

Аял андан тезирээк кутулуу үчүн башка бирөө менен да жолугушуусу бар экенин айтып, кетүүсүн өтүнгөн. Харристи узатуу үчүн Труйе өзүнүн досунан жардам сураган, бирок ал келе албай калгандыгынан улам өзү жеткирген. Аял таанышын үйүнө жеткирүүгө бара жатканда жанына 56 жаштагы атасы Роберт Темплентти салып алган.

Жергиликтүү убакыт менен түнкү саат 1:10до Труйени жана анын атасын атып кетишкен. 21-октябрь күнү полиция Харристи анын агасы Габриэлдин үйүнөн кармашкан. Анын агасы дагы кылмышка шектүү катары колго түшүрүлгөн.

Харрис күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, аял аны кемсинткендиги үчүн бул кылмышка баргандыгын айткан. 8-декабрь күнү сот Харристи камакка алган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>