Site icon Reporter.kg

ЖК: Атажанов тармактык комитеттин төрагасынын орун басары болду

Депутат Ырысбек Атажанов Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайланды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 7-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында аталган комитеттин төрагасынын орун басарын шайлоо маселеси каралып, ага «Мекенчил» депутаттык тобундагы депутат Ырысбек Атажановдун талапкерлиги көрсөтүлгөн.

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында сунушталган талапкер тармактык комитеттин төрагасынын орун басары болуп шайланды. Бул боюнча Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version