ЖК депутаттары мектептеги коррупцияны айткан окуучу кызга күлүп жиберишти — видео

ЖК депутаттары мектептеги коррупцияны айткан окуучу кызга күлүп жиберишти — видео

БУУнун “Балдардын укуктары жөнүндөгү конвенциянын” 30 жылдыгына карата уюштурулган иш чаранын алкагында окуучу кыз Жогорку Кеңешке барып мектептеги коррупцияны айтып, ыйлап жиберди.

Бишкектеги №87 мектепте билим алган окуучу кыз эл өкүлдөрүнө өзүнүн мектебиндеги медсестранын уколь сайганы үчүн акча аларын айткан.

“Биздин мектепте бир гана медсестра бар. Ал биздин №87 мектептеги 2700 балага укол саят. Бирок ал аны бекер сайбай акчага саят”, — деген окуучу кыз.

Ал сөзүн жыйынтыктап бүтө электе залдагылар күлүп жибергени үчүн ыйлап жиберген.

Бирок Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева кызды сооротуп, депутаттар анын туура маселе көтөргөнү үчүн кол чапканын баса белгилеген. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>