Site icon Reporter.kg

ЖК депутаттыгына талапкерлер үчүн дипломду алып салуу сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты болушу үчүн жогорку билим керекпи же жокпу деген суроо коомчулукта кызуу талкууланып жатат. Менин оюмча жогорку билимди тастыктаган дипломдун кереги жок.  Жогорку Кеңештин депутаты Элмурза Сатыбалдиев “Жогорку Кеңештин депутаттынын статусу” жөнүндө мыйзам долбоордун демилгечиси депутат Марлен Маматалиевге бул боюнча оюна кызыкты.

Ал эми депутат Маматалиев сунушту мыйзамга кошуунун жол-жобосуна токтолду.

Башмыйзамда жазылган эмес. Коомчулукта сөзсүз түрдө билими болушу керек деп айтылган. 6-чакырылышта мыйзамга кирген. Сиз айткан маселе туура, бул маселе Конституцияда каралган эмес. Мыйзамды жокко чыгарып салсак деле болот”— деди Маматалиев.

Буга чейин коомчулукта Жогорку Кеңештин депутаты болушу үчүн милдеттүү түрдө диплому болушу керектиги коомчулукта кызуу талашка айланган болчу.

Exit mobile version