Site icon Reporter.kg

ЖК комитети Кемпир-Абад боюнча келишимди жактырды

Бүгүн, 15-октябрда парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети «Кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелери жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» жана «Кемпир-Абаддын суу ресурстарын биргелешип башкаруу тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоорлорун үч окууда колдоду.

Жыйында депутаттар мыйзам долбоорлорунун баяндамачыларына суроо берип, отурумда катуу талаш-тартыш орун алды.

Добуш берүүнүн алдында депутат Адахан Мадумаров кворум болбошу үчүн 5 депутат залдан чыгып кетүү чечимин кабыл алганын айтып, алар комитеттин отурумунан чыгып кетти. Андан кийин депутаттар добуш берүүгө өтүп, отурумда калган эл өкүлдөрү мыйзам долбоорун үч окууда колдоп берди.

Депутат Улан Бакасов комитеттин жыйынында кворум маселеси тууралуу суроо узатып, отурумга катышкан юрист залда комитеттин 14 мүчөсүнүн жетөөсү катышып жатканын, кворум бар экенин билдирди.

Улан Примов, Чолпон Султанбекова, Лейла Нурова, Жылдыз Таалайбек кызы, Ырысбек Атажанов, Улан Бакасов жана Шайлообек Атазов “макул” деп добуш беришти.

Добуш берүү башталганга чейин бир нече депутаттар – Адахан Мадумаров, Чыңгыз Айдарбеков, Нуржигит Кадырбеков жана Нилуфар Алимджанова комитеттин жыйынынан чыгып кетишти.

Маселени талкуулоодо комитеттин эки мүчөсү: Эрулан Кокулов менен Миргүл Темирбаева катышкан жок.

Белгилей кетсек, эми аталган мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына ратификациялоого киргизилет.

Чек ара: Өзбекстандан Кыргызстанга өтчү жерлердин тизмеси

Exit mobile version