Site icon Reporter.kg

ЖК комитети Ысык-Көлдө скутер тебүүгө тыюу салуу сунушун колдоду

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети Ысык-Көлдө гидроцикл (скутер) тебүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, колдоду.

Мыйзам долбоору боюнча баяндама жасаган Элдар Сулаймановдун айтымында, акыркы жылдары Ысык-Көлдө гидроциклдин катышуусу менен болгон кырсыктар көп катталып, анын айынан адам өмүрү кыйылган учурлар да бар. Андан тышкары скутерден чыккан май, түтүн Ысык-Көлдү булгап жатат. Ага байланыштуу Ысык-Көлдө гидроцикл тебүүгө тыюу салуу сунушталууда.

Талкуу учурунда депутат Жаныбек Кыдыкбаев скутерди киреге берип иштеген жергиликтүү тургундар жумушсуз калышы мүмкүн экенин айтып, мыйзам долбоорундагы тыюу салууларга каршылыгын билдирди. Ал тыюу салуунун ордуна, скутерди киреге берип иштетүү боюнча айрым бир чектөөлөр каралган жол-жобо иштеп чыгууну сунуштады.

Талкуудан кийин комитеттин мүчөлөрү мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.

Exit mobile version