Site icon Reporter.kg

ЖК комитетинде банктык эсепти алдамчылардан коргоо боюнча мыйзам жактырылды

Улуттук банкка банктык эсептеги чыгым операцияларын 30 күнгө чейин токтотууга укук берген мыйзам долбоор бүгүн, 17-мартта өткөн Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде каралып, үч окууда тең жактырылды.

Мыйзам долбоор алдамчылыкка каршы антифрод системасынын натыйжалуу иштешин талап кылуу менен кардарлардын кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылат.

Мыйзам долбоорго, эгерде жарандын эсебинен акча уурдоого байланышкан алдамчылык аракеттери байкалса, Улуттук банк нормативдик укуктук актылардын негизинде банктык эсептеги чыгым операцияларын 30 күнгө чейин токтотууга укуктуу болот.

Ошондой эле банк эсеп боюнча операцияларды токтоткондугун кардарга дароо маалымат берип, анын себептерин түшүндүрүүгө тийиш.

 

Exit mobile version