Site icon Reporter.kg

ЖК комитеттери кыргыз-тажик чек арасы боюнча үч макулдашууну жактырды

Бүгүн, 27-февралда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин биргелешкен жыйынында кыргыз-тажик чек арасы боюнча бир катар документтер каралып, жактырылды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Документтер Жогорку Кеңешкине макулдашууга киргизилди. Алсак, жыйында Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы “Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө” келишимдин долбоору, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы “Унаа жолдорун куруу жана пайдалануу, унаа жолдорунун кесилишин жабдуу жана пайдалануу жөнүндө” макулдашуунун долбоору жана эки өлкөнүн өкмөтүнүн ортосундагы Суу чарба жана энергетика объекттерине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча макулдашуунун долбоору каралды.

Бул маселелер боюнча министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат берди.

«Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин биргелешкен жыйынын өткөрүү чечими бүгүн, 27-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында кабыл алынган», — деп айтылат маалыматта.

Exit mobile version