Site icon Reporter.kg

ЖК төрагасы ата-энелерди, депутаттарды өз балдарын кыргызча сүйлөтүүгө чакырды

Бүгүн, 25-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында спикер Нурланбек Тургунбек уулу ата-энелерди, анын ичинен депутаттарды да өз балдарына кыргызча үйрөтүп, кыргызча сүйлөтүүгө чакырды.

Мындай чакырык депутат Эльдар Абакировдун жалпы республикалык тестирлөөдөн алтын сертификат алган 54 окуучунун бирөө гана кыргыз тилинде тапшырганы тууралуу билдирүүсүнөн кийин айтылды. Абакиров бул мамлекеттик тилге жасалган мамиленин натыйжасы экенин билдирди.

ЖК төрагасы Агартуу министрлиги аталган жагдайды эске алышы керектигин билдирип, мектептердин жана бала бакчалардын көпчүлүгүндө мамлекеттик тилде таалим-тарбия берилбей жатканын сынга алды. Ошондой эле балдарга эне тилин үйрөтүү маселесине өзгөчө көңүл бурулушу керектигин кошумчалады.

“Ушул жерде олтургандардын көпчүлүгүнүн да балдары, неберелери кыргыз тилин билишпейт. Эмне үчүн ушундай көрүнүш уланып келет? Уялбайлыбы? Иманалы Айдарбеков, Касым Тыныстанов, Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков сындуу аталарыбыз азыркыдай кыргыз тилин жээрип, орусча сүйлөп жатканыбызды көрүшсө бизге наалат айтышмак. Эгер биз ушинтип кыргыз тилине кайдыгер карай берсек, жакынкы жылдары эле биз улут болбой калабыз”, — деди ал.

Exit mobile version