Бүгүн, 4-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу ички иштер министрин жана мэрди башаламан колдонулуп жаткан скутерлер менен мопеддерди көзөмөлгө алууга чакырды.
Анын айтымында, акыркы учурда шаар тургундарынан, айрыкча айдоочулардан скутерлер менен мопеддерге байланышкан кайрылуулар көп түшүп жатат.
«Аталган техникалар жолдордо авариялык абал жаратып, башка унааларга тоскоолдук кылган учурлар көбөйдү. Катуу айдалгандыктан, түнкүсүн да шаардыктардын тынчтыгын бузушууда. Ал тургай адам өлүмүнө алып келген окуялар да катталып жатат. Себеби, скутерлер менен мопеддерди колдонгондордун көпчүлүгү жаш балдар экен. Аларга айдоочулук күбөлүк да берилбейт, жолдогу кыймыл-аракеттери көзөмөл камераларына да тартылбайт. Башка мамлекеттерде мындай техникаларга катуу талаптар коюлган. Андыктан бизде дагы скутерлер менен мопеддердин кыймылы тез арада иретке келтирилиши керек”,- деп билдирди ал.