Site icon Reporter.kg

ЖК жыйынында өзгөчө абал тууралуу жарлык каралган жок

Жогорку Кеңештин жыйынында өзгөчө абал тууралуу президенттин жарлыгы каралган жок. Анткени ал күн тартибине киргизилген эмес. 

Буга чейин экс-спикер Мыктыбек Абдылдаев өзгөчө абал тууралуу президенттин жарлыгын депуттар колдобосо деле 3 күн күчүндө болорун айткан. 

Бүгүн, 10-октябрда “Ала-Арча” резиденциясында Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өттү. Анда Садыр Жапаровду премьер-минстр кызматына шайлашты.   

Ал жыйында белгилүү болгондой, вице-премьер-минстр Эркин Асрандиев жана ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Жапаровдун өкмөтү менен иштешпей тургандыгын билдиришкен. Калган өкмөттүн курамы өзгөрүүсүз калды.

 

 

 

Exit mobile version