Site icon Reporter.kg

ЖКККББ: Рамазан айында мечиттердин айланасында жол коопсуздугу күчөтүлөт

Рамазан айында мечиттердин айланасында жол коопсуздугу күчөтүлөт. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Жеңишбек Джоробеков жер-жерлердеги ЖКККБнын башчыларынын  катышуусунда, жол унаа кырсыктарын алдын алуу,  Мониторинг борборунун ишмердүүлүгү, Рамазан айындагы жол коопсуздугуна көзөмөлдү күчөтүү¸ ошондой эле өткөрүлгөн рейддик иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча онлайн кеңешме өткөрдү.

Анда буга чейин өткөрүлгөн  жана өтүп жаткан  “Техникалык абал” , “Коомдук таранспорт” , “Караңгылатуу”,  “Үйрөтүүчү транспорт”   аталышындагы рейддердин жыйынтыгы каралып,  рейд учурунда көрсөткүчтөрү аз болгон жетекчилиердин жоопкерчилиги каралды.

Кеңешменин соңунда ЖКККББнын башчысы тарабынан Рамазан айы учурунда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери мечиттердин айланасында жол коопсуздугун камсыздоосун, тагыраагы кызматерлер жума жана таравих намазы учурларында жол жээктерине жакын жайгашкан мечиттердин айланасындагы жол тыгындарын жөнгө салуусу боюнча иш-мерчемдерди түзүп, коопсуздукту күчөтүү тапшырмалары коюлду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Exit mobile version