23-февраль Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө карата Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын ардагерлери жана жалпы кызматкерлери сыйланды.
Куттуктоо иш-чарасында ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Жеңишбек Джоробеков катышып, жалпы өздүк курамды Ата-Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады.
Ошондой эле, иш-чараны уюштурган ЖКККББнын жалпы айымдар кеңешине терең ыраазычылыгын билдирүү менен ардактуу ардагерлерге жана кызматкерлерге төш белгилерди, Ардак грамоталарды жана ыраазычылык каттарды ыйгарды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз