ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчылары жыйынга катышуу үчүн “Ала-Арча” резиденциясына келишти

ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчылары жыйынга катышуу үчүн “Ала-Арча” резиденциясына келишти

Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келшим уюмуна (ЖККУ) мүчө-мамлекеттердин башчылары бүгүн, 28-ноябрда ЖККУ Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышуу үчүн Бишкек шаарындагы “Ала-Арча” Мамлекеттик резиденциясына келишти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Мамлекет башчыларын президент Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. Расмий сүрөткө түшүү жөрөлгөсүнөн соң, делегация башчылары ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин тар курамдагы сессиясына бет алышты.

ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына

Быйыл Кыргызстандын төрагалыгы астында өтүп жаткан жыйынга Беларутун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Орусиянын президенти Владимир Путин, Тажикистандын президенти Эмомали Рахмон, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана ЖККУ башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков катышат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>